Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген артисти, залкар талант Жыргал Көбөгөнова дүйнө салды. Бул тууралуу Кыргыз драма театрынан билдирди.

Жыргал Көбөгөнова 1948-жылы 1-январда Ысык-Көл районунун Кара-Ой айылында төрөлгөн. Ал Кыргыз Республикасынын эл артисти Абдыашым Көбөгөнов, апасы Сайрагүл Балкыбекова кыргыз маданияты үчүн ат көтөргүс эмгек кылган инсандардын кызы эле.

Жыргал Көбөгөнова 1954-жылы Бишкек шаарынын №2 орто мектебинде окуй баштайт. 4-класста окуп жүргөндө, Пионерлер Сарайында бий кружогуна катышып жүрүп, 1958-жылы Москвада өткөн Кыргызстандын декадасында, Сапарбек Кабеков менен Нурдин Тугеловдордун жетекчилиги астында «Пахта бийин» бийлеп келген. Ошондо Жыргал болгону 10 жашта болчу. 8-класстан баштап, башкача айтканда 1963-жылы «Союз-госцирктин» Бишкектеги Цирк өнөрү студиясында машыгып жүрүп, 1964-жылы Кыргыз цирки ачылганда «Алгачкы карлыгачтардан» болуп, аба гимнастынын ролун аткарып, цирктин чамгарагында чарк айланып бийлеген. Жыргал Көбөгөнова 1971-жылы Нурдин Тугелов, Сапарбек Кабеков алгач уюшулган «Бий ансамблине» бийчи жана алып баруучу катары чакырышат. Бий ансамбли менен Союздун бүт булуң-бурчуна, чет мамлекеттерге барып, Күнөстүү Кыргызстандын искусствосун пропагандалап келет.

1972-жылдан баштап, Ош областтык драма театрында актерлук кесипти аркалап, ийгиликтүү ролдорду жаратат. Алар К.Жантөшевдин «Курманбегинде» -Гүлгаакы, А.Токомбаевдин «Күндүн чыгышында» -Госпожа, А.Дыйканбаевдин «Мүрөктүн суусунда» -Жуман, Б.Өмүралиевдин «Жүз катын» спектаклинде –Тоголок келин жана башка эсте калаарлык образдар болуп саналат. 1974-жылы Кыргыз Академиялык драма театрына которулуп азыркы күнгө чейин үзүрлүү эмгектенип келди. Ошол мезгилден баштап жараткан көрүнүктүү ролдору:1. К.Маликов «Бийик жерде» -Аня2. К.Маликов «Осмонкул» -Мария3. А.Осмонов «Махабат» -Тентек кыз4. К.Эшмамбетов «Эгиз бала» -Керез5. Ш.Садыбакасов «Ак боз ат» -Лайлун6. М.Саркисян «Бейиш макулуктары» -Зетор7. М.Касенов «Алда жаш жубайлар ай» -Бану8. М.Байжиев «Байыркы жомок» -Нурлан9. С.Ахмад «Келиндер козголоңу» -Нигора10. А.Дыйканбаев «Мүрөктүн суусу» -Жуман11. Ж.Садыков «Манастын уулу Семетей» -Кишимжан, Бакдөөлөт12. Ж.Садыков «Сейтек» -Нөөкөр кыз13. А.Цагарели «Ханума» -Кабато14. А.Аксы «Махабат жана өлүм» -Айбарча15. Т.Абдумомунов «Жоройбайдын жоруктары» -Кемпир16. Т.Абдумомунов «Машырбек үйлөнөт» -Алтынай17. Э.Эрматов «Жаңыл мырза» -Энеси18. У.Шекспир «Гамлет» -Герцог Иорский19. С.Ахмад «Күйөө бала» -Аназират.

1997-жылы Кыргыз театр искусствосуна сиңирген эмгеги үчүн Жыргал Көбөгөновага «Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген артисти» деген жогорку наам берилген.