Бүгүнкү күндө, өпкөнү жасалма дем алдыруу аппаратынын – 572си иштеген абалда колдонулуп жатат. Пандемия башталгандан бери 23 ИВЛ аппараты, 5 СИПАП аппараты, 130 БИПАП аппараттары алынган. Бул тууралуу Коомдук саламаттык сактоо башкармалыгынын башчысы Айнура Акматова билдирди.

Анын айтымына караганда, азыркы күндө, донорлордун каражатынын эсебинен сатып алууга – 63 ИВЛ аппаратка тендер өткөрүлдү. Ал эми, өткөн жумада Өзбекстандан 100 БИПАП аппараты келген. Учурда дагы 220 ИВЛ аппаратка муктаждык бар.