Интернет тармагында Нурлан Мотуевдин “Сыймык Жапыкеев 2007-жылы 100 миң доллар пара алган” деп айтканы тууралуу маалымат тарады. Буга коомдук ишмер, саясатчы, ырчы Нурлан Мотуев  өзү интернет аркылуу кайрылуу жасады:

“Ассолому алейкум, кыргыз калкым! Бир-эки күндөн бери интернетте жалган маалыматтар тарап жатат. Мен “Сыймык Жапыкеев 100 миң доллар жеп коюптур” деп айткан имишмин. Мен антип айткан эмесмин, калп, фейк! Жана ошол эле маалда мен Сыймык Жапыкеев, Максат Мамытканов баштаган лидерлерине нааразымын. Эмне дегенде буларды “жылдыз оорусу” деген оору каптаптыр. Өздөрү берген мегаком номерге апрелдин башында чалсам өздөрүн жылдыз сезишип албай коюшту. Албасаңар албай эле койгула деп андан кийин мен да булардын чыныгы жүзүн айтып чыктым. Ошондон кийин эле булар мени душман тутуп калышты”,-деп кайрылды ал видео аркылуу. Видеону толугу менен төмөнкү шилтеме аркылуу көрө аласыздар: