Уюлдук телефонду карактап алган деген шек менен 22 жаштагы эки жаран кармалды. Бул тууралуу Ош шаардык ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, 2020-жылдын 2-августь күнү саат 12:13 чамасында Ош шаардык ички иштер башкармалыгына Ош облусунун Коммунист айылынын тургуну Т.Ф аттуу жаран арыз менен кайрылган, себеби, 2020-жылдын 1-августь күнү болжол менен саат 23:30 чамасында Ош шаарынын Курманжан-Датка көчөсү менен Моминов көчөсүнүн кесилишинде, бейтааныш жашы 20-25 чамасындагы атуулдар газ-травматикалык тапанчасы менен коркутуп “Айфон-6” үлгүсүндөгү кол телефонун карактап алып кеткендигин билдирген.
Окуя болгон жерге Ош ШИИБнын ыкчам тергөө тобу жеринде чыгып, кароо жүргүзүп, тийешелүү иш кагаздары жыйналган.
Бул кылмыштын изи сууй электе Ош ШИИБнын КМКнын кызматкерлери тарабынан, кылмышка шетүү катары Ош облусунун Кара-Суу районунун 1998-жылы туулган Б.Н. жана К.у.Э. аттуу тургундары кармалды.
Шектүү катары кармалган Б.Ннын айдап жүргөн “ВАЗ 2107” үлгүсүндөгү автоунаасына тергөө кызматы тарабынан, күбөөлөрдүн катышуусунда кечиктирилгис тинтүү жүргүзүлүп, аталган автоунаанын ичинен жабырлануучу Ф.Тга таандык болгон “Айфон 6” үлгүсүндөгү уюлдук телефон далил буюм катары алынган.
Окуя 2020-жылдын 2-августь күнү Кыргыз Республикасынын Жазык Кодексинин 202-беренесинин 2-бөлүмүнүн 2-пункту менен Ош ШИИБнын КжЖБРне катталып, сотко чейинки өндүрүш башталган.
Учурда, жогорудагы арызда көрсөтүлгөн газ-травматикалык тапанчасынын бар же жоктугун тактоо максатында иликтөө иштери жүрүп жатат.
Кылмышка шектүү катары кармалган Б.Н.. жана К.у.Э Ош ШИИБнын убактылуу кармоочу жайын киргизилди.