0c92a9f2-ce37-4d43-8227-3ddb66419a51

Бүгүн, 5-августта, Ысык-Көл облусунун кире беришинде жайгашкан Ак-Кеме жана Кызыл-Омпол санитардык-карантиндик постторду алуу боюнча чечимди облустук ыкчам штабынын отурумунда кабыл алынды. Бул тууралуу республикалык штабдан блдиришти. Маалыматка ылайык, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Ысык-Көл облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Балбак Түлөбаевдин айтымында санитардык-карантиндик посттордо иштеп жаткан медиктер жана мамлекеттик, муниципалдык кызматкерлер өз ордунда иш алып баруусу керек.

“Медиктер, райондук мамлекеттик администрация жана мэриялардын кызматкерлери кезек менен посттордо нөөмөттө туруп келишкен. Учурда алар өз ордуларында иштеши керек. Эгерде постторду иштетүүгө муктаждык болсо, бизде тиешелүү алгоритм бар”, – деп белгиледи облус башчы