2020-жылдын 28-сентябрна карата 184 миң 557 салык төлөөчү салык кызматтарын онлайн пайдаланууда. Өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу аталган көрсөткүч 45 миң 559 пайдалануучуга көбөйдү. Бул тууралуу Мамлекеттик салык кызматынан билдиришти.

Маалыматка караганда, алардын ичинен 164 миң 441 салык төлөөчү Salyk.kg “Жеке кабинет” сервиси аркылуу, ал эми 20 миң 116 адам тейлөө операторлору аркылуу салыктык кызматтарды пайдаланууда.

Salyk.kg сервиси жарандарга салык органынын кызматтарын акысыз онлайн пайдаланууга, анын ичинде отчетторду жана салык декларацияларды тапшырууга, салыктарды төлөөгө (анын ичинде патент жана камсыздандыруу полиси үчүн), арыздарды берүүгө, салык кызматы менен кат алышууга, ошондой эле маалымкаттарды алууга жана башка жеткиликтүү инструменттерди пайдаланууга мүмкүнчүлүк берет.

Бул жол-жоболор салык төлөөчүлөр үчүн ыңгайлуу, анткени салык кызматтарын колдонууга сарпталган убакыт кыйла үнөмдөлөт.

“СМАРТ Салым” салык жол-жоболорун фискалдаштыруунун алкагында Salyk.kg жеке кабинети салык төлөөчүлөргө ыңгайлуу шарттарды түзүү максатында дайыма жакшыртылып турат.