Кечээ, 16-мартта актёр Анвар Осмоналиев Кыргыз Республикасынын Эл артисти, белгилүү актёр Эгемберди Чалабаевдин кызы Эл-Айга үйлөндү. Актёр мырзаны үй-бүлөлүү болушу менен куттуктап ага байланыштык:

“Кыз узатуу той абдан жогорку деңгээлде өттү. Аябай толкундандык. Тойго кыргыз маданиятынын каймактары келишип, баарынын купулуна толду.

Ачыгын айтканда, дагы деле кечээки тойду сүйлөшүп бүтө элекпиз. Эртең буюрса, үлпөт тоюбуз болот. Бирде кечээки, бирде эртеңки тойду сүйлөшүп, жакшы сезимдер менен жүрөбүз.

Ал эми эртеңки той күчүндө. Анткени, тойканаларда иш-чараларды өткөрүүгө тыюу салган токтом бүгүн кабыл алынды. Биз болсо коноктордун чакырып, керектүү нерселердин алып койгонбуз. Ресторанда баары даяр, акчасын берип койгондон кийин кантип өткөрбөй коёбуз?

Азыркы убакта коронавирустан башка деле толтура оору бар го. Өздүк адамдык позициямды айта турган болсом, коронавируска байланыштуу мамлекет эмнеге элге жеңилдик бербей тескерисинче азык-түлүктөрдүн баасы көтөрүлүп жатат?

Айып төлөөгө даярмын, бирок, тойду токтотууга даяр эмесмин”,- дейт ал кубанычы менен тең бөлүшө.

1 КОММЕНТАРИЙ

ОСТАВЬТЕ ОТВЕТ

Please enter your comment!
Please enter your name here