Алпаруучу, актриса Назира Айтбекова жалпы кыргыз элин сөккөн вебкам-сутенер Даниель Ажиев тууралуу өзүнүн оюн Фейсбуктагы баракчасына жазып чыкты. Анын жазгандары төмөндө толугу менен:

“Даниель Ажиев – коомдун күзгүсү. Бала чагында сүйүү көрбөгөн, төпөш жеп калган, басынып калган, көп нерсеге жетпей кордук көргөн бала чоңойгондо ушундай болуп калат. Комплекси менен чоңоет. “МЕН ” деп анан төш кагып, ичиндеги мендигин элдин баарына көргөзүүнү каалайт. Өзүн эч киммин деп чоңойгон, “невидимка” ордуна койгон бала баарына көрүнгүсү келет.

“Мени кыйын бала экен” деп ойлошсун, “Мени көрүшсүн! Жогорку баа беришсин. Эсептешсин” дейт. Анткени аны эч ким көргөн эмес убагында, басынтышкан. Бөтөнү эмес өзүн өзү да көргөн эмес. Көпчүлүгүбүз эле ошондой чоңойгонбуз. Бирок ар бирибиздин формабыз ар кандай. Эмнеге дүнүйө чогултабыз? Машинабызды мактанабыз? Кредит алып душман көзүнө көрүнөбүз? Балдарды таштап коюп, жаныбызды тишибизге тагып алып, чуркап акча чогултабыз, эки этаж үйлөрдү курабыз? Өзүбүз үчүнбү? Анан аны “Эл көзүнө”, “Душман көзүнө” “Эл эмне дейт” деп атайбыз! Демек, өзүбүз үчүн эмес эл үчүн турбайбы! Баарыбызда “Элге жагынуу”, “Эл мен жөнүндө жакшы ойлонуп калсын” комплекси ар бирибизде жашайт! Андай эмеспи? Балким ичибиздегини тырмап койсо, андан өткөн жиндилигибизди көрсөтөттүрбүз? Карантинде жөн эле жатпай, анда – санда күзгүдөн каранып деле жаталы, туугандар. Асмандан түшсөк дагы! #жөнэлеой

1 КОММЕНТАРИЙ

  1. Эмне эле ,ушул балага асылып калдык ?,Есть у него комплексы ,нет у него комплексы ,почему мы не можем видеть ,то ,что он сделал хорошее дело, намерение ,у него хорошие были ,одним из первых начал помогать ,насколько я знаю ,столько денег ,сколько он пожертвовал ,ещё никто не сделал ,люди, начните видеть хорошее в людях,мы ведь незнаем , может он раскаялся перед АЛЛАХОМ?Начал новую жизнь,а мы его посадили в тюрьму ,и ещё обсуждаем , может общество наше больное ,не видим ничего хорошего?

ОСТАВЬТЕ ОТВЕТ

Please enter your comment!
Please enter your name here