Дайырбек Арунов аттуу Москвада жашап, иштеп жүргөн мекендешибиз өзүнөн коронавирус чыкканын жана изоляцияда жатканын социалдык тармактагы баракчасына жазып чыкты. Анда ал Москванын врачтары аны мигрант деп кемсинтпей, өтө сылык мамиле кыларын, дарылардын баары бекер берилип жатканын, абалы жакшы экендигин жазган. Ошондой эле, ал Москвадагы дарылоо менен Кыргызстандагы дарылоону салыштырып да өткөн. Анын жазгандары толугу менен төмөндө өзгөртүүсүз берилди:

“Менде вирус чыкты. Азыр Москвада жашайм. Но паника. Бир дагы симптом жок. Баары жайында. Жыт сезип, даам алып эле жатам. Дене табым ордунда. Кыргызстандагы апам, бир туугандарымдын бардыгы билет. Сарсанаа болбогула.
Менин айтайын дегеним башка. Бул жазуунун аягында оюмдун жыйынтыгы бар. Балким бирөөгө пайдасы тийип калар.
23.06.2020 – Жумушумдан Ковид-19 тест тапшыруу боюнча тизмеге кошулдум.
24.06.2020 – Менчик диагностика борбору иштеген фирмабызга келип, тест алды. БЕКЕР. Фирма төлөп берди. Таңдайдан мазок алып кетишти. Үч күндүн ичинде жыйынтык чыгат деди.
27.06.2020 – Эртең менен телефонго смс келди. Тест жыйынтыгы даяр болуптур. Ал СМСтеги линкке бассам алдыдагы фотодогудай жыйынтык көрүндү. ОБНАРУЖЕНО. Менде вирус бар экен.

Эч кандай симптом жок. Балким тест туура эмеспи деп ойлодум. Башка диагностика борборлоруна чалып көрдүм. Эгер бир борбордон жыйынтык чыкса 11 күнгө чейин башка борборлор тест албайт экен. Кайра ошол борборго чалдым. Алар дагы 11 күн ичинде тест ала албайбыз, анткени жыйынтыктарды Роспотребнадзорго өткөрүп бердик. Калган иш алардыкы деди.
Бир саат убакыт өткөндөн кийин мага тест тапшырган борбордон чалып, эң жакындагы мамлекеттик клиникага же атайын административдик округдарда уюштурулган штабтарга чалыңыз деди. Жакынкы клиникага чалдым. Жагдайды түшүндүрдүм. Вирус чыкты деген тест жыйынтыгы чыкканын айттым.
Ушул эле күнү кечке маал клиникадан бир медсестра келди. ОМС камсыздоомду текшерди. Өпкөмдү текшерди. Жакшы экен деди. Эч кандай сипмтом жок болсо дагы дары ичиңиз деп, Арбидол 40 капсула, Азитромицин 6 таблетка берди. БЕКЕР. Жалпысынан 1500 сомдун дарысы. Жумушумдагы иштөө боюнча расмий келишимдин негизинде ОМС камсыздоону да БЕКЕР алгам. Ошентип мага самоизоляция боюнча кагазга кол койдуруп, мындан кийинки процедуралар кандай болорун түшүндүрүп кетти.
27.06.2020 – Москванын борборук административдик округунда (ЦАО) атайын ыкчам аракеттенүү тобу уюштурулган экен (негизи Москванын ар бир округунда уюштурулуптур). Ушул күнү кечинде ошол штабтан чалды. Ал-акыбалымды сурады. Эртең дагы чалам деди.
28.06.2020 – Эртеси чалып, ал-акыбалымды сурап, бардык жагдайларды тактады. Кайсы адрес боюнча самоизоляцияда жаткандыгымды сурады. Адресим башка округга тиешелүү эле. Ошол округдун штабына маалыматтарыңызды берем, ал жактан байланышат деди.
28.06.2020 – Клиникадан эки врач келди. Ал акыбал сурап, аялымдан тест алышты. БЕКЕР. Изоляция боюнча кагаздарга кол коюп берип кетишти. Аялым дагы “контактный” катары самоизоляцияга алынды. Балдарымды изоляцияга алган жок. Тест дагы алган жок. Анткени булар балдардын врачы эмес экен. Алар үчүн башка врачтар келет деди. Телефонду өчүрбөйбүз деп, геолокацияны текшерип турганга уруксат бердик.

29.06.2020 – Мен жашаган округда уюштурулган штаб чалып, ал-абалымды сурап, бардык жагдайларды тактады. Дары-дармек жетиштүүбү, абал оорлошсо тез жардамга чалгыла ж.у.с. сүйлөшүү болду.
29.06.2020 – Кечке маал шаардык мэриядан СМС келди. Кыскача мазмуну мындай: Изоляция режимин сактоо боюнча “Социальный мониторинг” деген тиркемени телефонуңузга көчүрүңүз. Бул тиркемеде “чын дилиңиз менен карантин эрежелерин сактап жаткандыгыңызды шаардык башкарууга билдирип туруу мүмкүнчүлүгүн берет”, деп жазылуу.
Тиркемени телефонго жүктөгөндөн кийин, сизге СМС келип турат, ошол СМС келгенде тиркемени ачып, өзүңүздү сүрөткө тартып, жиберип турасыз. Мына мен үйдөмүн деген далил. Саат эртең мененки 9дан, кечки 22:00гө чейин СМС келе берет. Ар кандай аралык менен, ар кандай убакытта келет. Жамалыңа зар болуп жаткансып, күндө 5-6 жолу фотоңду сурап турушат экен. Башында бир-эки жолу фотого түшөөрдө тим эле кооздонуп жаткам, бетти жууп келип, 2 тал чачты тарап, жарашыктуу кийим кийип… Бир күндөн кийин жакасы жешилген футболка менен эле фотого тушүп, жиберип калдым. Бир сааттын ичинде фотоң келбесе, геолокация боюнча үйүндөн чыкканың билинсе, ар бир бузуу үчүн 4000 рублдан баштаган жазалар келет.
30.06.2020 – Саат 10дордо клиникадан келип, менден тест алып кетишти. БЕКЕР. Мурундан, таңдайдан мазок алып кетти. 11 күн ичинде эки жолу тест алабыз, экөө тең таза болсо, анда Карантинден чыгарабыз деди. Келген врач болсун, чалган кызматкер болсун, аябай сылык мамиле кылат, сылык сүйлөйт, сиз деп турат. Сени мигрант, башка өлкөнүн жараны деп жемелебейт, басынтпайт, кайдыгер карабайт. Баары ишин так, жоопкерчилик менен аткарат.
3 күндө мынчалык үйрүлүп түшүп, абалыңды сурап жатканын көрүп, ооруп жаткан киши деле айыгып кеткидей. Оорубасаң деле, кадимкидей маанай жакшырып, жумуштан кетип калганыңа деле, үйдө камалып жатканыңа деле кайыл болуп, жайдары жата бергидейсиң. Азыр эми жамалыбызды качан сурап, СМС келет деп, телефондорду тиктеп эле отуруп калдык.
Эми келели Кыргызстанга. Мунун бири жок. Бекер дарыны койдум, абалын сурап чалганды койдум, жардам сурап чалган 118тер албай жатат деп зар какшаган кишилер… Ушундай иреттүү иш уюштуруп койсо болбойбу? Болот. Буга ашыкча баштын, ашыкча акылдын деле кереги жок.
Симптому жок, жараны эмес, мендей мигрантына ушунча камкордук бар. Анткени мыйзамдуу иштеп, мыйзамдуу жашап, мыйзамдуу камсыздандыруу кылгам. Жеке эле Орусияда эмес, “мыйзамдуу” жүрсөң, өнүккөн өлкөлөрдөгү сага болгон мамиле ушундай эле.
А мыйзамдуу жараны болуп турган, мыйзамдуу салыгын төлөгөн, мыйзамдарын сактаган жарандарына Кыргыз бийлиги эмнеге камкордук көргөзө албайт? Акча жокпу? Бул иштерди уюштурууга жарыбаган акча кетмек. Бир гана уюштуруу ишин так иштеп чыгыш керек эле. Алдыны кичине болсо да көрө билген жетекчилер болуш керек эле. Өкмөттүн иши күнүмдүк саясат эмес, элдин камкордугу, өлкөнүн бакубаттуулугу башкы максат болуш керек эле. Кара күчкө салып, “бюджетниктерди” кыйнап, иш алып барам десе жаңылышат. Ушунча чар жайыттык, ушунча башаламандык эмнеден келип чыкты? Тээ баштагылардын ишти жакшы уюштура албагандыгындан. Ашуудан бакан, башбакан алмаштырып, күнүмдүк саясатка сүңгүп кирип кеткендиктен ушундай абалга кептелди. Дагы деле ошол кемакылдык уланып келе жатат. Токтотуш керек. Толук кандуу иш алып барууга, алы келбесе уялбай эле жардам суроого, элге кайрылууга барыш керек. Көмүскө иш алып баруу жакшылыкка алып барбайт. Дартты жашырсаң өлүм ашкерелейт. Жап-жашыруу менен маселе чечилбейт. Эң биринчи биз абалыбызды так, туура түшүнүшүбүз керек. Кандай абалга кептелип калгандыгыбызды ачык айтып, моюнга алып, анан алдыны көздөй жылышыбыз керек. Үстүн жаап, жымсалдай берсек абал мындан дагы жаман болуп кетиши мүмкүн. Ошондуктан курулай статистиканы эле айта бербей, кандай аракеттер көрүлүп жатат, алдыңкы 3 күнгө, бир жумага, 15 күнгө бир айга кандай иш чаралар пландалып жатат, каражат жагы кандай чечилип, кандай кадамдар жасаларын так, даана элге жеткирип туруш керек. Статистика ооруну айыктырып, абалдан алып чыкпайт. Аракеттер керек. Реалдуу абалыбызды кабыл алуу менен рационалдуу аракеттер керек. Калп эле “понт”, “популистик” аракеттер эмес. Анан калп эле, аз сүйлөп, акылдуу көрүнө бергиси келген “калп coolдар” бир балээни деле кыйратпайт. Катынып оокат кылбай, ачык-айкын, даң-даң, тарс-тарс иш алып барыш керек. Ошо. Уландысы болот. Анткени карантинден чыккыча үйдө бош эле жатам.

Кошумча: Бүгүн(30.06.2020) Саламаттыкты Сактоо министринин алдындагы “горячая линиясы” чалып, абалымды “детально” сурап чыкты. Температура канча, ич өткөк жокпу, даам сезип, жыт алып жатасызбы, баш оору, тамак оору жокпу, хронический оору жокпу деп. Кандайдыр бир абал өзгөрсө дароо тез жардамга же 112 ыкчам кызматына чалыңыз деди”.