Ырчы Анжелика менеджери көп ырчылардын бири. Ал менеджерлер тууралуу билдирүү таратты.

“Азыр эки жагыма карап иш кылып жатам. Адамды сөзүнөн эмес, ишинен байкаш керек. Катуу кыйкырып, төшүн кагып, “мен” дегендер көбөйдү. Балким, ошол денгээлге жеткендир, эми аларга ак жол гана каалап коюу туура.

Мени менен чогуу жүрүп, артымдан өз билгенин жасаган адамдардан – жөн гана алыстайм. Айлана -чөйрөбүз, жашоо шартыбыз өзгөрсө дагы – Кудай бизге “адамдык сапаттарыбызды” калтырсын. Бардык кызматташуу, иштешүү боюнча мен өзүмө-өзүм “менеджер, директор, продюсермин”.

Мени жаманатты көрсөтүп, бойлорун көтөрүп, көп нерсе убада кылып, жасабай – мага шылтап койгондор боюнча 0559120000 номерине жардамчыма жазыңыздар”,-деп жазды ал инстаграм баракчасына.