Саламаттыкты сактоо министри Сабиржан Абдикаримов коронавирустан айыгып, жумушка чыкты. Бул тууралуу аталган министрликтни басма сөз кызматы кабарлады.

Маалымат боюнча, бүгүн, 3-августта Саламаттыкты сактоо министри Сабиржан Каримов ооруканада жатып чыккан соң, ишине кайтып келди. Стационарда дарыланган соң министр 1 жума үй карантинде обочолонуу шартында болгон. Ал иш ордунда болбогон маалда анын орунбасары Мадамин Каратаев бардык иштерди өз моюнуна алган.

“Бүгүнкү күндөн тарта министр штатта иштей баштайт”,-деп айтылат маалыматта.