Ырчы Анжелика анын аты пайдаланып, “Фейсбукта” отургандарга нааразы болууда. Бул тууралуу ырчы айым Инстаграм баракчасына жазып чыкты:
“Фейсбукта” ким отурат? Атымды сатып жатышат! Мени мындай адамдардан өлкөм коргойт. Мен эч жакка умтулган жокмун. Ушундайларды жазып, бирөөгө негатив тартуулайм дегендерди жанагы “Фейк” мыйзам менен кармап, камагылачы. Эмне болсо эле “Анжелика”… Мен өз жарандык милдетимди аткара берейин, тынч койгулачы суранам.
Мен депутат болбойм! Беш партияга алдыңкы тизмеге коюп чакырышкан! Мен үчүн чечим чыгарбагыла! Мен ар дайым эл арасында болууну каалайм!”,- дейт ал.