Режиссёр, продюсер жана вайнер Данияр Болотбековдун атасы көз жумду. Бул тууралуу ал өзү инстаграмдагы баракчасы аркылуу билдирди:

“Ата, бизди кечир! Убакытты артка жылдырып, баарын оңдоо колуман келсе кана?!

Бур жума мурун бул вирус менин атамды алып кетти. Ден соолугу чың, күчтүү, көптөгөн нерсени жасагысы келчү эле… Ата жаткан жериңиз жайлуу болсун, Кудайым сизди өз мээримине алсын! Сизге эң сонун балалык тартуулаганыңыз үчүн, менде бар баардык нерсе үчүн ыраазычылык билдирем. Өмүр бою мага жоопкерчилик, эрдик деген эмне экенин көрсөтүп, үлгү болгонуңуз үчүн рахмат! Мага эркек – бул бир гана күч эмес, ошол күчтү колдоно билгенди үйрөткөнүңүз үчүн ыраазымын. Ар дайым мени колдоп, мен туура эмес кылсам да мен тарапта болгонуңуз үчүн рахмат!

Мага жашоодо былжырак болууга жол бербегениниз үчүн, кейип кепчип, жашоодон үмүт үзүп отуруп калбастан ар дайым күрөшүүгө үйрөткөнүңүз үчүн ыраазымын. Мени өзүңүз менен кошо чоңоюуга жол бербегениңиз үчүн, өзүм 2 баланын атасы болсом да “атам мага ар дайым жардамга келет” деген балалык сезим менен жашаганыма мүмкүнчүлүк түзүп бергениңизге ырахмат. Эгерде ортобузда талаш-тартыштар же таарынычтар болсо кечирим сурайм. Сизди жакшы көрөрүмдү кээде гана айтканыма кечирим сурайм!

Азыркы тапта сиз менен аябай баарлашкым келип жатат. Менде ушунчалык суроо көп жана ал суроолорума жоопту сиз гана билесиз…

Ата, атакем менин, кечир! Жаткан жериңирз жайлуу болсун! Менин досум, менин үлгу алчу адамым! Сезди ушунчалык жакшы көрөм ата…”