1-04

Республикалык штабдын билдиришинче, 2020-жылдын 16-июлуна карата, бир сутка ичинде өлкө боюнча 96 медициналык кызматкер коронавирус жуктуруп алганы аныкталды:
• Бишкек ш. – 42
• Чүй облусунда – 18
• Ош ш. – 7
• Ош облусунда – 4
• Жалал-Абад облусунда – 5
• Баткен облусунда – 5
• Ысык-Көл облусунда – 9
• Талас облусунда – 6
Ал эми бир суткада 7 медициналык кызматкер ооруканалардан айыгып чыкты.

Жалпысынан республика боюнча COVID-19 диагнозу менен медициналык кызматкерлер арасында – 2076 учур катталды, алардын ичинен 583 медкызматкер стационарлардан айыгып чыккан.