0c92a9f2-ce37-4d43-8227-3ddb66419a51

Авиациялык бийлик ортосундагы жетишилген сүйлөшүүлөргө ылайык эл аралык үзгүлтүксүз каттамдар 2020-жылдын 7-августунда Турция Республикасы жана Бириккен Араб Эмираттары менен жандандырылды. Бул тууралуу Жарандык авиация агенттигинин директору Курманбек Акышев билдирди.

Анын маалыматына караганда, ошондон улам, төмөнкү каттамдар аткарылууда:

  • «АвиаТраффикКомпани» авиакомпаниясы: Бишкек-Стамбул-Бишкек багыты боюнча жумасына 2 жолу. Бишкек -Анталья- Бишкек багыты боюнча жумасына 1 жолу;
  • «Турция авиалиния» авиакомпаниясы Стамбул-Бишкек-Стамбул багыты боюнча жумасына 2 жолу;
  • «Пегасус Эйрлайнс» авиакомпаниясы Стамбул-Бишкек- Стамбул багыты боюнча жумасына 2 жолу;
  • «ФлайДубай» авиакомпаниясы Дубай-Бишкек-Дубай багыты боюнча жумасына 1 жолу.

Каттамдар жана билеттерди сатып алуу маселеси боюнча авиакомпаниялардын сайттарынан маалымат алсаңыздар болот.