Жергиликтүү сайттардын бирине “Кант шаарында жайгашкан Ысык-Ата районунун аймактык ооруканасында дарыгерлер жок, короноавирус жана пневмония менен ооруган бейтаптар кароосуз жатат” деген макала жарыяланган. Тагыраак айтканда, кечээ аталган ооруканада жаткан бейтаптардын бири видео тартып, социалдык тармактагы баракчаларына жүктөгөн.Видеодо оорукананын коридорунда бир дагы дарыгерди же медкызматкерди көрө албайсың. Ал эми оорукананын палаталар толо оорукчандар жатканын көрүүгө болот.

“Бир суткага жакын болду. Ооруканада эч бир дарыгер жок. Бир гана оорукчандар жатат. Бизге эч ким, эч нерсе айтышкан жок. Ооруканада дарыгерлер да, медайымдар да жок. Дарылоо токтоду. Эч ким бизге жооп бербей жатат”,-дейт видеонун автору.  

Бул боюнча биз аталган оорукананын жетекчисине байланышканыбызда, анын орун басары бул окуя тууралуу төмөнкүлөрдү жооп берди:

“Жетекчибиз азыр бошобой жатат, мен жооп берейин. Азыркы тапта биздин 3 кабаттуу ооруканада 86 бейтап дарыланып жатат. Эч ким орукананы таштап кеткен жок. Байкашыбызча видео нөөмөт алмаштыруу убагында тартылган окшойт. Дарыгерлер 2 нөөмөттө иштеп жаткандыктан жаңылары келип кийинип жатканда, ал эми иштегендер кир кийимдерин жана кир бөлүмдөрдү жууп жатышкан маалда тартылган окшойт. Видеону көрдүк. 2-кабатта тартылган экен. Ал кабатта дарыгер жанан медайым болгон. Ишин таштаган эмес”.