Мамлекеттик салык кызматынын Ленин району боюнча башкармалыгынын бөлүм башчысы ишеничтен кеткендигине байланыштуу кызматынан бошотулду. Бул тууралуу Мамлекеттик салык кызматынын басма сөз кызматы билдирди. Тийиштүү буйрукка Мамлекеттик салык кызматынын төрагасы Кабыл Абдалиев кол койду.

Кызматкерди кызматтан бошотууга 2018-жылы жарандарга мыйзамсыз негизде патент берүү фактысы боюнча 2020-жылдын 21-сентябрында Экономикалык кылмыштуулукка каршы күрөшүү боюнча мамлекеттик кызматы тарабынан кармалышы негиз болду.