Биздин маектеш жөнөкөй мугалимдиктен тарбия завучу, мектеп директору, акимдин орун басары кызматына чейин жетип, айылдык кеңештин депутаты да болгон. 28 жашында билим берүүнүн отличниги наамына ээ болуп, “Жылдын мыкты жетекчиси”, “Жылдын мыкты директору”, “Жылдын мыкты айымы” жана бир катар райондук, облустук ардак грамоталар менен сыйланган. Учурда “Мекеним Кыргызстан” партиясынан депутаттыкка талапкерю

– Салкын айым, депутат болуп калсаңыз кайсы маселени чечүүнүн аракетин көрөсүз?

– Мен жөн эле депутаттыкка талапкерлигимди койгон жерим жок. Кудай буюруп, депутат болуп калсам, социалдык тармактагы чиеленишкен маселелерди чечүүнүн жолун издейм. Тагыраагы, билим берүү, саламаттыкты сактоо, социалдык коргоо тармагында көптөгөн көйгөйлөрдү чечүү үчүн айрым мыйзамдарга өзгөртүү киргизип, зарыл болсо жаңы мыйзамдарды жазам.

Жетим, мүмкүнчүлүгү чектелген балдардын келечегине кам көрөм. Балдар кодексине өзгөртүү киргизүүнү сунуштайм. Интернатка жетим балдарды жайгаштырууну жөнөкөйлөтөм жана балдардын укугун коргогон, камкордукка алган мыйзамдарды жазууну максат кылып жатам.

Баса, акимдин орун басары болуп турган мезгилде “Аяржан” деген коомдук борбор ачып, мүмкүнчүлүгү чектелген балдардын билим алуусуна шарт түзүүгө аракет кылганбыз. Ошондо билим берүү системабыз дени-карды соо балдарды гана окутууга багытталганын түшүндүм. “Аяржан” коомдук борборун иштеткенде кыйынчылыктарга, орчундуу маселелерге туш болдум. Ошондон бери мүмкүнчүлүгү чектелген балдарга жана апаларына жардам берип, түйшүгүн жеңилдетүүнүн жолдорун издеп жүрөм.

Айтайын дегеним, мүмкүнчүлүгү чектелген балдарды бала бакчага да албайт экен. Апалары каражат табуу үчүн иштесе, балдары кароосуз калып, ата-энесин санаага салат. Ал түйшүк аз келгенсип, 18 жаштан кийин өкмөт да майыптыгы үчүн каражат төлөп берүүнү токтотот экен. Кыскасы, мына ушундай маселелерди чечүүнү, калктын аялуу катмарына кол-кабыш кылууну максат кылып жатам.

 “Аяржан” коомдук уюмубуздун алкагында мүмкүнчүлүгү чектелген балдардын апалары иштеп, аз болсо да каражат тапсын деген максатта нан бышырган цех жана кийим тигүүчү цех ачып берсем деген ниетим бар.

– “Аяржан” коомдук уюму ишке киргени мүмкүнчүлүгү чектелген балдарга жардам болуп, ата-энесине жеңилдик болдубу?

– Албетте, балдарын борборго алып келип ташташып, жок эле дегенде 4-5 саат эс алышат. Ошондой эле иштеп каражат тапкандар болду. Ошон үчүн мүмкүнчүлүгү чектелген балдарга жалаң эле НПОлор долбоор жазып, грант ута турган кылбай, жөнөкөй адамдар деле ошондой иштер менен алек болууга мүмкүндүк түзүшүбүз керек экен.

– Борборго иштеген мугалимдердин айлык акысын төлөө маселе жараткан жокпу?

– Албетте, жаратты. Кээде ата-энелер мугалимдердин айлыгын төлөөгө аргасыз болгон учурлар болду. Ошон үчүн аз болсо да бала бакчаларды уюштуруп, тарбиячылардын айлыгын мамлекет төлөй турган кылып, тамак-ашына айыл өкмөттөн каражат бөлдүрүп маселени чечсек болот деген ойдомун.

– Эмне үчүн “Мекеним Кыргызстан” партиясын тандадыңыз?

– “Мекеним Кыргызстан” партиясы жаңы жана өзгөрүүгө, мамлекетти өнүктүрүүгө багыт алган, элдин жаркын жашоодо жашашына шарт түзүүгө дилгирленген партия. “Мекеним Кыргызстан” партиясынын программасында мамлекетти саздан чыгаруу, билимди өркүндөтүү, саламаттыкты сактоо тармагындагы катачылыктарды жоюу, маданиятты көтөрүү, үйсүз үй-бүлөлөрдү үйлүү кылуу, ишкерликти, элетти өнүктүрүү, бизнес каттоону жөнөкөйлөтүү, интернетти ар бир адамга жеткиликтүү кылуу, деги койчу, мамлекеттин абалын жакшыртуу боюнча толгон-токой негиздүү сунуштар жазылган. Мына ушундай чоң иштерди жүзөгө ашырууну максат кылышканы үчүн ушул партияны тандадым.

Урматтуу шайлоочулар!

4-октябрда 4-орунда турган “Мекеним Кыргызстан” партиясына добуш бериңиз. Биз мекенди сөз менен эмес, иш менен сүйөрүбүздү далилдейбиз.

Буюртма каржы маселелери боюнча ыйгарым укуктуу өкүл Джайчиева Гулбарчин Эр Турсуновна тарабынан «Мекеним Кыргызстан» партиясынын атайын шайлоо фондунун эсебинен каржыланды. Юридикалык дареги: Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары. Турусбеков көчөсү, 109/1. 510-кабинет.