Жалал-Абад облусунда белгисиз адамдын жансыз денеси табылды, деп билдирет Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы.
Маалымат кызматынын айтымында, 102 кызматына Бишкек-Ош унаа жолунун 312-чакырымында (Токтогул району, Шопок айылы) Нарын дарыясынын жээгинде эркек адамдын сөөгү жаткандыгы жөнүндө маалымат түшкөн.
Окуя болгон жерге 4 куткаруучу келип, каза болгон адамдын сөөгүн алып чыгып, милиция кызматкерлерине өткөрүп беришкен.