Актёр Эркин Эгембердиев алардын үйлөнүү тоюнда ырчы, пародист Мерген Турган операциядан кийин келип ырдап кеткендигин айтат:
Биздин үйлөнүү тойдо Мерген агабыз жандуу үнү менен элди таң калтырды эле да, мен оозумду ачып калыптырмын. Мерген Турган агабызга ушунчалык ыраазы болгонбуз, себеби жаңы эле ооруканадан операция болуп чыккан экен. Аны бизге айтпай, түнү саат 1:30да тойдон чыгып үйгө барып кудаларды эшик төр көрсөтүп, андан ары Мерген байке тан аткыча Нурлан Салидинов экөө ырдап кудалардын моокуму кангыча ырдап беришти.
Ошентип таң атып эле сүйлөшүп отурсак ак көйнөгүнөн кан агып атат, мен “Иии эмне болду?” дедим, Мерген байке “Апей тигилген жерим айрылып кеткен турбайбы деп камырабай кайра күлүп коёт. Көрсө, сокур ичегиси тигилген эки “шофу” айрылып кетиптир да. Ошентип Мерген байке биздин тойдо ичи айрылгыча ырдаган деп тамашалап калабыз. Бирок, байкенин ушул күнгө чейин талантына катуу таазим кылып сыйлап келем”,- дейт ал.