Дүйнө Белоруссиянын коронавирустук инфекцияга каршы күрөшүү тажрыйбасына абдан кызыгып жатат. Бул тууралуу, Гроднодо өткөн жыйында Александр Лукашенко билдирди.

“Дүйнөлүк Банк … Башында алар 90 миллион доллардын тегерегинде колдоо көрсөтөбүз дешкен, эми Белоруссиянын коронавирус менен күрөшүү тажрыйбасын бөлүшүңүз, биз 300 миллион долларга чейин каржылоого даярбыз деп жатышат. Бул деген чоң жетишкендик да. Алар биздин кандай иштеп жатканыбызды көрүшсүн “деди ал.
Ошол эле учурда Белоруссиянын лидери кошумчалагандай, республикада кырдаал көзөмөлдөн чыгып кетпеш керек.

Эске салсак, Белоруссиянын бийлиги коронавирустук инфекциянын жайылышына байланыштуу өзгөчө кырдаал киргизген эмес. Өлкөдө эч кандай карантин киргизилген эмес жана чек аралар ачык бойдон калган. Ошол эле учурда, расмий маалыматтар боюнча, республикада коронавирустук дарттан катталган өлүм учурлары Европа үчүн рекорддук төмөн деңгээлде. Жергиликтүү бийликтин маалыматына ылайык, Белоруссияда коронавирусту жуктуруп алгандардын саны бара-бара азайып жатат.

Маалымат каражаттарында, Белоруссия коронавирустан мурун “коронапсихозду” жеңе алган алган өлкө болду деп сыпатталууда.