1-август күнү Ысык-Көл облусу Каракол шаары Тельман жана Турусбеков көчөлөрүнүн кесилишинде жайгашкан Каракол суусуна эркек киши чөгүп кеткен. 2-август күнү издөө иштеринин натыйжасында, куткаруучулар маркумдун жансыз денесин табышып, ИИМ кызматкерлерине өткөрүп беришкен. 16 куткаруучу тартылганын ӨКМнын басма сөз кызматы маалымдады.