“Мугалимдердин баардыгына акы төлөнүп берилген. Бишкек шаарында техникалык себептер бар, бюджетте жалпы 744 млн сом каралган жана мэрия менен документтер иштелип чыккандан кийин, төлөнүүчү акылар берилет”,- деп билдирди Каржы министри Бактыгул Жээнбаева.

Ошондой эле министр, бардык пенсия жана социалдык жөлөкпул убагында толук каржыланып, жылдын аягына чейин маселе болбоорун кошумчалады.

Ал эми, ӨА жана ӨК режимдеринде жумушка тартылган күч түзүмдөрүнүн кызматкерлерине акы төлөөдө бир катар техникалык жана уюштуруу процедуралары каралып, тизмелер жана сумманын өлчөмү такталган. Азыркы тапта, бардык процедуралар аяктаган жана финансы министрлиги Өкмөттүн тескемеси менен төлөнүүчү акыларды бере баштайт.