0-1

Милициянын кайгуул кызматы жасалма номер менен жүргөн айдоочуну кармады. Бул тууралуу Милициянын кайгуул кызматынын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, 2020-жылдын 12-ноябрда болжол менен саат 14:20 чамасында Бишкек ШИИББнын “102” кызматына  Абрахманов жана Москва көчөлөрүнүн кесилишинде жасалма номерлүү автоунаа турат деген маалымат түшкөн.

 Айтылган дарекке ошол замат Бишкек ШИИББи боюнча милициянын кайгуул кызматкерлери барып, маалыматты тактаганда, “Nissan Pathfinder” улгүсүндөгү автоунаанын мамлекеттик номери жасалма экендиги текшерүү учурунда аныкталган.

Бул факты боюнча автоунаа убактылуу токтотуучу короо жайга токтотулуп, айдоочусу Свердлов райондук ИИБна өткөрүлүп берилген.