Чечен Республикасынын Эмгек сиңирген артисти Алиса Супронова Кыргыз Республикасынын Эмгек сиңирген артисти Мирбек Атабековдун “Мурас” чыгармасын аткарды. Бул тууралуу Мирбек Атабеков инстаграм баракчасынан кабарлады.

“Менин ырларымды Кыргызстандан тышкары дагы ырдап жатышкандары мен үчүн сыймык. Дүйнөдө кыйынчылык болуп жатканына карабастан музыка бардык элди бириктирет жана дем берет. Мен Алисага менин тилимде таза ырдаганы үчүн ыраазычылык билдиргим келет. Менин дагы чечен элине болгон сый-урматым күч”-деп жазды ал.