Бүгүн, 15-июлда Stand Up Bishkek долбоорунун резиденти Назгүл Алымкулова УКМКга суракка чакырылды. Бул тууралуу ал Фейсбук баракчасына жазып чыкты.
Анда ал УКМКга саат 10:00го күбө катары чакырылган кагаздын сүрөтүн жарыялады.


Алдын ала айтылган маалыматтарга караганда, Назгүл Алымкулова УКМКга президент Сооронбай Жээнбековдун жүзүн колдонуп фейк видео жасаганы үчүн чакырылганы айтылып жатат.
Ал эми УКМГга байланышканыбызда бул тууралуу комментарий берүүдөн баш тартышты.

Өз кезегинде Назгүл Алымкулова бул туурасында төмөндөгүлөрдү жазды:
“Эгерде мен ушундай сапаттуу карикатураларды жасай алсам, баам өтө жогору болмок.
“Татынакай” дегениңер үчүн рахмат албетте. Бирок, эмнеге муну “уят” деп жатасыңар? Бул Ники Минаждын катышуусундагы сый-урматка ээ рэпердин ыры. Менин оюмча, рэпердин жүзүнүн ордуна президенттин жүзүн коюу аткаруучуну дагы мазактоо болуп эсептелинет. Аткаруучу сый-урматка көбүрөөк татыктуу. Клип мыкты. Миллиондогон көрүү чогулткан. Мен дагы өзүмдүн жүзүмдү коюп, клип жасайын дегенмин бирок, doublecat тиркемесине менде жок банк карточкасы керектелет экен.