Кечээ, 25-июнда парламентте “Маалыматты манипуляциялоо жөнүндө” мыйзам долбоору каралып, жыйынтыгында ал депутаттардын колдоосуна ээ болгон. Бул долбоорду 79 депутат “макул” деп колдосо, 10 депутат “каршы” добуш берген. “Макул” деп добуш бергендердин арасында “Республика – Ата-Журт” фракциясынан депутат Экмат Байпакпаев да бар.

Кызыгы, буга чейин депутат Экмат Байпакпаевдин коронавирус жуктуруп алып, үй карантинде жатканы айтылган болчу. Үй карантинде жаткан депутат добуш берүүгө келгенде “пайда болуп” калган.

Эске салсак, кечээ Жогорку Кеңештин алдында “Маалыматты манипуляциялоо жөнүндө” мыйзам долбооруна каршы тынчтык митинги болуп өттү. Ошондой эле долбоордун авторлору Гүлшат Асылбаева жана Айнура Осмоновага карата социалдык тармактарда #мандаттытапшыр аттуу флешмоб орун алууда.