1-01

“Ыйман Нуру” партиясынын мүчөсү, аталган партиянын тизмесинен Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине талапкер Мирлан Даанышман биздин партияны радикал партия деген шылтоо менен, шайлоодон четтетүү аракети башталды деп социалдык тармактагы баракчасына жазып чыкты.

“Ыйман Нуру” саясий партиясы шайлоого барбайсыңар деген көрсөтмө келди. Себеби “Ыйман нуру” партиясы радикал партия деген шылтоо менен, шайлоодон четтетүү аракети башталып жатат!
Эмне деген адилетсиздик, теңсиздик. Жеке мен бул шылтоого каршымын. Биздин катарда ар улуттун өкүлдөрү жана ар түрдүү кызмат ээлери бар, ошондой эле ислам динин кармангандар көбүрөөк, себеби Кыргызстандын көпчүлүк бөлүгүн Ислам динин кармангандар түзөөрү чындык.
Ошону менен бирге, биздин катарды, курулушчулар, өндүрүшчүлөр, завод-фабриканы куруп жаткандар, юристер, маданият өкүлдөрү, жаштар, жаңы жүздөр түзөт. Мурунку 5-6-чакырылышта отурган депутаттар жок тизмеде. Жаңылар, жаштар болгону үчүн шайлоого барбайсың деп жатабы? Түшүнүксүз!
Үмүт бир гана сиздерге Кыргызстандыктар, келечекти чечүү сиздердин колдо”, – деп жазган ал.

Бул боюнча БШК азырынча маалымат бере элек.