Каракол шаарында 26-июнь күнү саат 03:03 чамасында Пристань-Пржевальск айылына бара жаткан унаа жолдо “AUDI-A6” унаасынын айдоочусу рулду башкара албай жолдон чыгып, бакты сүзүп алган. Кырсыктын кесепетинен айдоочусу 1 эркек адам (аты-жөнү такталууда) каза болуп, 2002-жылы туулган эркек адам оор жаракат алган.
КР ӨКМнин №15 өрткө каршы куткаруу бөлүмүнүн куткаруучулары каза болгон адамды унаадан чыгарып ИИМ кызматкерлерине, ал эми жабыркаган адамды тез жардам кызматына өткөрүп беришкенин ӨКМнын басма сөз кызматы маалымдады.