ИИМдин Криминалдык милиция кызматынын ыкчам кызматкерлери тарабынан автоунаалардан жарандардын мүлктөрүн уурдап жүргөндөр кармалды.
Жакында маалыматтык агенттиктерде Бишкек шаарынын Иса Ахунбаев жана Шота Руставели көчөлөрүнүн кесилишинен белгисиз адамдар автоунаанын терезесин талкалап, акча каражатын жана ноутбукту уурдап кетишкендиги тууралуу билдирүү тараган.


Ушул жылдын 26-сентябрь күнү Бишкек шаарынын Ленин РИИБге арыз менен жаран К.Г. кайрылып, 4 белгисиз адам “Тайота Камри” үлгүсүндөгү автоунаасынын терезесин талкалап, баалуу буюмдарын жана акча каражатын уурдап кетишкендигин билдирип, аларга карата тиешелүү чараларды көрүп берүүнү суранган.
Кылмышкерлер жогорудагы автоунаадан 700 АКШ долларын жана 1500 АКШ доллары турган “MacBook” уурдап кетишкендиги маалым болгон. Аталган факты КЖБРге катталып, Ленин РИИБдин Тергөө кызматы Кыргыз Республикасынын Жазык кодексинин 200-беренесинин 2-бөлүмү менен сотко чейинки өндүрүш башталган.
Ушундай дагы бир факты менен жаран Н.О. 29-август күнү Ленин РИИБге кайрылып, болжол менен 19:00 чамасында “Mercedes-Benz CLS” үлгүсүндөгү автоунаадан 500 АКШ доллары менен 300 миң акча каражаты салынган сумкасын уурдап кеткендигин билдирип, арыз менен кайрылган.
Аталган факты КЖБРге катталып, Кыргыз Республикасынын Жазык кодексинин 200-беренесинин 2-бөлүмү менен сотко чейинки өндүрүш башталган.
Тергөө тапшырмасынын негизинде Кыргыз Республикасынын ИИМдин КМКнын Үчүнчү башкармалыгынын кызматкерлери Ленин РИИБдин КМКнын жана ИИМдин “Шумкар” АБПнын атайын операциялар отрядынын колдоосу менен мурда соттолгон кылмыштуу топту кармоо боюнча атайын иш-чараларды жүргүзүштү.
Жогорудагы эки фактынын тең бети ачылгандыгын билдиребиз. Бул кылмыш ишинин бетин ачууга укук коргоо органдарынын бири-бири менен тыгыз кызматташуусунун натыйжасында гана ачылган: ИИМ менен ЖАМК.


29-сентябрь күнү жогорудагы кылмыш ишине шектүү катары төмөнкү жарандар кармалган:

  • Токтогул районунун тургуну 1990-жылы туулган Б.А., мурда адам өлтүрүү, уурдоо, тоноо беренерели менен соттолгон. Андан сырткары, эркинен ажыратылган жайдан качып кеткендиги үчүн издөөгө алынган.
  • Кочкор районунун тургуну 1993-жылы туулган Э. уулу А., мурда уурулук менен эки жолу соттолгон.
  • Ысык-Ата районунун тургуну 1992-жылы туулган М.Э., уурдоо беренеси менен эки жолу соттолгон.
  • Жайыл районунун тургуну 1995-жылы туулган Ж.Ш., уурдоо беренеси менен эки жолу соттолгон.
    Шектүүлөрдү кармоо учурунда алар баңгизаттын таасиринде болгон.
    Ошондой эле, Бишкек шаарынын 5-кичирайонунда жайгашкан батирди тинтүү учурунда баңгизатты мыйзамсыз сактоо фактысы дагы аныкталды. Табылып алынган баңгизаттын болжол менен салмагы 4 килограмм 280 граммды түзөт.
    Азыркы учурда жогорудагы жарандарды башка кылмыш иштерине тиешелүүлүгүн аныктоо боюнча иликтөө иш-чаралар жүрүп жатат.
    Кыргыз Республикасынын ИИМдин Криминалдык милиция кызматы жогорудагы шектүүлөрдүн колунан жабыр тарткандар жөнүндө маалымат билген жарандар ички иштер органдарына жана ИИМдин Криминалдык милиция кызматына 266261 телефон номуру аркылуу кабарлоону суранат.
    Ошондой эле, Криминалдык милиция кызматы жарандарга буюмдарына сак болууга жана автоунаанын ичине баалуу буюмдарын таштап кетпөөлөрүн суранат.

ИИМдин Басма сөз кызматы