Өзбекстандын Самарканд шаарында эки баштуу жарык дүйнөгө келди. Кош бойлуулуктун 16-21-жумасындагы текшерүүнүн жыйынтыгы менен ата-энесине сиам эгиздер тууралуу эскертилген. Алардын талабы менен балдар жарыкка келди. Бул тууралуу Kun.uz жазып чыкты.

Облустук көп тармактуу медициналык борбордун башкы дарыгери Дилшод Рахмоновдун айтымына караганда, учурда ымыркай жандандыруу бөлүмүндө жатат. Энеси болсо учурда төрөт бөлүмүндө дарыгерлердин көзөмөлүндө. Бир катар текшерүү иштери жүргүзүлгөн. Сиам эгиздеринин ички органдары экиден, ал эми жыныс мүчөсү бирөө, ошондой эле анын эки башы бар.

Учурда ымыркайдын жалпы абалы жаман эмес, аны дарылоо боюнча чаралар көрүлүүдө. Тамактанганы, кан айлануусу нормадагыдай. Ага аба жетишпегендиги гана байкалууда.

Аталган медициналык борбордогу дарыгерлер мындай учурга биринчи жолу туш болуп жаткандыктан медицинасы мыкты өнүккөн өлкөлөрдөгү дарыгерлердин жардамына муктаж.