“Барс Медиа” агенттигинин жалпы жамааты Кыргызстандагы жалпы мусулмандарды Курман айт майрамы менен куттуктайт.

Урматтуу мусулмандар, урматтуу мекендештер! Сиздерди ыйык Курман айт майрамыңыздар менен куттуктайбыз! Асманыбыз ар дайым ачык болсун, тилектерибизди  Жаратканыбыз кабыл кылсын. Жакшы ой-максаттар ишке ашсын. Жалпыңыздардын үй-бүлөңүздөр оору-сыркоодон алыс болуп, мекенибизде токчулук орун алсын! Өлкөбүз гүлдөп, өнүгүп, жалпы журттун башына келген оор күндөрдөн аман-эсен өтүп кетели! Жараткан Кыргызстаныбызды бөөдө кырсыктан сактасын. Жерибизге тынчтык жана бейпилдик, элибизге ынтымак жана биримдик берсин!
Майрамыңыздар менен!