1-01

Тышкы иштер министри Чыңгыз Айдарбеков коронавирус жуктуруп алды. Бул тууралуу ал өзүнүн социалдык тармактагы жеке баракчасына жазып чыкты.

Жазганына караганда, ал 11 күндөн бери ооруп, эми абалы жакшырып баратат.

Ошондой эле, ал “коронавирусту жана башка балээлерди чогуу жеңебиз деп ишенем, баарыңыздарга ден соолук, ийгилик каалайм”, – деп жазган.