Ыктыярчы медкызматкер болуп иштеп жүрүп каза тапкан 21 жаштагы Адинай Мырзабекова саясатчы Камчыбек Ташиевди дарылаганы белгилүү болду. Бул тууралуу, саясатчы өзү жергиликтүү каналдардын бирине берген маек учурунда билдирди.

“Буга чейин, бул тууралуу эч жерде айткан эмесмин. Мени каза тапкан 21 жаштагы Адинай дарылаган эле. 6 күн жаттым. Ал кыз тынымсыз кыймылдап жүрдү. Анын тагдырына балким биз ооруган адамдар күнөөлүү болуп калдыкпы деп ойлонуп кетем. Тез-тез кыймылдаган, тарбиялуу кыз болчу. Бир жолу байкап калдым. Абдан чарчаптыр. Коргоочу көз айнегиңди чечип, териңди аарчып дем алып алчы десем. “Жок байке, кезметимдин акырында чечем. Ага чейин чечүүгө болбойт” деген эле.

Ага атак-даңктын, акчанын деле кереги жок болчу. Жүрөгү тазалыгынан адамдарды сактап калам деп жүрүп, өзүнүн ооруга кабылганын байкабай калды.

Мен дарыгерлердин баарына терең ыраазчылык билдирем”, – деди Ташиев.

Эске салсак, 21 жаштагы Адинай Мырзабекова ыктыярчы медкызматкер катары Бишкекте уюштурулган ооруканада кызмат өтөп жүрүп каза тапкан. Ал Кыргыз Мамлекеттик медициналык академиясында билим алып келген.