Мамлекеттик чек ара кызматындагы коррупциялык иш-аракеттерди айтып чыккан полковник Талгат Аланов 38 жашында көз жумду. Бул тууралуу, Барс.Медиага маркумдун жакындары билдиришти.

Жакындарынын айтымында, 21-июлда ал күтүүсүздөн ооруп, ооруканага жетпей көз жумган. Анын өлүмүнүн себеби жүрөк оорусу экени айтылууда.

2019-жылдын 27-ноябрында, Ош шаарында өткөн маалымат жыйынында Талгат Аланов Мамлекеттик чек ара кызматындагы коррупция жөнүндө, Достук өткөрүү пунктунда акча чогултуу фактылары жөнүндө айтып чыккан. Полковниктин айтымында, бөлүмдө жазылбаган эрежелер бар, ага ылайык, чек ара өткөрүү пункттарында иштеген кызматкерлерден “үлүш” алынып, кызмат орундары “акчага сатылып” турат.

Бирок Чек ара кызматынан аны Уставды бузду деп, айыптоолорун четке кагышкан.