Кыргыз Республикасынын вице-премьер-министри Аида Исмаилова, Саламаттык сактоо министрлигинин өкүлдөрү жана волонтерлор «Ас Салам» коомдук фондунун линиясы боюнча келип түшкөн 560 кычкылтек концентраторлорун кабыл алуу жана бөлүштүрүү иш-чарасына катышты. Бул тууралуу өкмөттүн басма сөз кызматынан билдиришти.

«Бүгүн Кыргыз Республикасынын президентинин колдоосу аркылуу «Ас Салам» коомдук фондунун линиясы боюнча республикага 560 кычкылтек концентратору түрүндө гуманитардык көмөк келип түштү. Алынып келинген кычкылтек концентраторлору өлкө Президентинин тапшырмасы боюнча курула турган жаңы ооруканаларга бөлүштүрүлүп берилет. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн жана жеке өзүмдүн атымдан коронавирус инфекциясына каршы күрөшкө салымын кошуп жаткан жактарга ыраазычылык билдирем. Биргелешкен күч-аракеттин натыйжасында биз түзүлгөн кырдаалдан татыктуу өтүп, вирусту жеңип чыгаарыбызга ишенем», – деди вице-премьер-министр.

Ошондой эле ал белгилегендей, өлкөгө донордук жана эл аралык уюмдардан, волонтерлордон келип жаткан гуманитардык жардамдар комиссиянын чечиминин негизинде ачык-айкын бөлүштүрүлүүдө.

Өз кезегинде «Ас Салам» фондунун жетекчиси Нурмухамед Миңбаев кошумчалагандай, ушундай кыйын кырдаалда элибиз биримдикте болуп, пандемияга жапырт каршы туруу керек. 

«Биз бири-бирибизге жана мамлекетибизге жардам берип, бирибизди бирибиз сындабастан, илдетти жеңип чыгуубуз керек», – деди ал.