“Жалпы республикалык тестирлөөгө 43 245 окуучу катышып, алардын ичинен 53 окуучу эң жогорку баллдар менен “Алтын сертификатка” ээ болушту. Өзгөчө үлгүдөгү аттестат алууга талапкер бүтүрүүчүлөр үчүн бардык санитардык эрежелерди так сактоо менен “Алтын тамга” тестирлөөсү ийгиликтүү өткөрүлдү”, – деп билдирди Билим берүү жана илим министринин орун басары Надира Джусупбекова.

:ballot_box_with_check: Анын айтымында Абитуриенттердин массалык топтолуусуна жол бербөө, кабыл алуу процессин санариптештирүү максатында онлайн кабыл алууну уюштуруу үчүн кесиптик орто окуу жайларга () жана жогорку окуу жайларга (https://2020.edu.gov.kg/)/ атайын платформалар иштелип чыкты.