Ырчылар, жалпы кыргыз эли интернетте #ЖашаАсель аттуу флэшмобун уюштуруп, жол кырсыгынын кесепетинен ооруканада жаткан ырчы Асель Кадырбекованын айыгып кетишин тиленишүүдө.

Эске салсак кечээ, 26-июнда саат 15:30 чамасында Бишкек шаарынын Медеров менен Тыныстанов көчөлөрүнүн кесилишинде жолк кырсыгы катталып, 3 киши жаракат алган. Алардын бири ырчы Асель Кадырбекова азыркы тапта Бишкек шаардык травматология жана ортопедия илим-изилдөө борборундаоор абалда жатканын жакындары кабарлашты.

Bars.Media сайтынын эмгек жамааты да Асель Кадырбекованын тезирээк айыгып кетишин каалайбыз!