Ырчы Нурлан Насип жубайы, ырчы Асел Кадырбекованын абалы тууралуу жакшы кабар айтты: “

Кудайым чоң кырсыктан сактап дарыгерлердин чоң жардамы менен, сиздердин күнү-түнү кылган дубаларыңыздар менен келинчегимдин өмүрүн сактап калдык!
Жаратканга чексиз шүгүрчүлүк билдирем.
“Асел кандай болуп калды?” деп күнү-түнү сурагандар абдан көп, кыскача айта кетейин “буйруса алдыга жылыш бар, бирок калыбына келишине көп убакыт керек экен. Убакыт баарын даарылайт Кудайым буйруса.
Айттырбай келген кырсыктан алыс болуңуздар бизге кылган дубаларыңыздар сиздерге эки эселеп тийсин Амиинь”,-дейт ал.