Бир сутка ичинде өлкө боюнча 79 медициналык кызматкер коронавирус жуктуруп алганы аныкталды:
Бишкек ш. – 20
Чүй облусунда – 34
Ош ш. – 8
Ош облусунда – 3
Нарын облусунда – 5
Жалал-Абад облусунда – 3
Баткен облусунда – 6
Ал эми бир суткада 10 медициналык кызматкер ооруканалардан айыгып чыкты.

Жалпысынан республика боюнча COVID-19 диагнозу менен медициналык кызматкерлер арасында – 1529 учур катталды, алардын ичинен 546 медкызматкер стационарлардан айыгып чыккан.