2006-жылы тартылган режиссёр Эрнест Абдыжапаровдун “Боз салкын” тасманын экинчи бөлүгү тартылат. Учурда кастинг жүрүп жаткан “Ак салкын” тасмасы тууралуу режиссёр мырза төмөндөгүлөрдү айтып берди:

“Ооба, “Ак салкын” – “Боз салкын” тасмасынын экинчи бөлүгү, бирок, уландысы эмес. Көп жылдар бою менден “экинчи бөлүгүн тартпайсызбы” деп суранышты. Аракет кылып уландысына сценарий жазып көрдүм. Бирок, “Боз салкындын” деңгээлине жетээрине көзүм жетпегендиктен баш тартып келгем.

Азыркы окуясы “Боз салкындан” ашпаса да кем калбаганына толук ишенич пайда болгондон кийин кадам шилтедик. Сценарий жазылып бүттү. Азыр актёрлорду, өнөктөштөрдү издеп жаткан учурубуз. Тасма Жаңы жылда тартылышы керек, себеби финал 31-декабрда саат 12:00дө болмокчу. Мурдагы актёрлор катышабы, катышпайбы, азырынча чече элекбиз. Балким, эпизоддордо көрүнүп калышы мүмкүн. Бирок, башкы каармандар жаңы”,- дейт ал.