Ырчы Асел Кадырбекова дагы бир операцияны башынан өткөрдү. Бул тууралуу ал социалдык тармактагы жеке баракчасы аркылуу билдирди:

“Бүгүн дагы бир операцияны башымдан өткөрдүм. Абдан корктум. Азыр баары жайында. Дарыгерлерге рахмат.

Оорубаңыздар. Биздин жашообузда болуп жаткан нерселердин баары убактылуу. Кыйынчылыктар артта калат. Эч нерсе түбөлүктүү эмес”,- дейт ал.