0c92a9f2-ce37-4d43-8227-3ddb66419a51

Сеулдун Сондон-гу районунун администрациясынын кеңсесинин жанында шамалдан, күндөн жана жаандан эле эмес, вирустан да сактай турган өзгөчө автобус аялдамасы пайда болду. Бул тууралуу Түштүк Кореянын жергиликтүү басылмалары жазып чыгышты.

Маалыматка ылайык, жыл аягына чейин райондо мындай аялдамадан дагы 10у пайда болот. Мындай конструкциянын баасы 84 миң доллардын тегерегинде.

Акылдуу Smart Shelter аялдамасы аба аркылуу бериле турган вирустарды жок кылуучу ультрафиолет стерилизаторлор менен жабдылган. Ал 99 пайызга чейинки вирустук бөлүкчөлөрдү жок кыла алат. Интелектуалдуу байкоо камерасы болсо автобус менен метро электричкаларынын кыймылдарынын таймингин көрсөтүп турат. Жүргүнчүлөр болсо жылыткычы бар отургучтарда эс алып, уюлдук телефондорун кубаттандырып, бекер Wi-Fi колдоно алышат.

Smart Shelter дене табын текшерүүчү тепловизор менен да жабдылган, ал дене табы көтөрүлгөн адамдарды автоматтык түрдө ичине киргизбейт.