Кыргыз Республикасынын Жаштар иштери, дене тарбия жана спорт боюнча мамлекеттик агенттиги ишмердүүлүктү баскычтуу кайра жандандыруу боюнча өкмөттүн жарлыгын эске алып, өлкөнүн футбол боюнча чемпионатын жандандыруу чечимин жактырды. Өлкөдө түзүлгөн эпидемиологиялык кырдаалды эске алуу менен КФСнин Аткаруучу комитети турнирди 2 айлампа менен өткөрүү чечимин кабыл алды. Бул тууралуу Жаштар иштери, дене тарбия жана спорт боюнча мамлекеттик агенттигинин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, чемпионат борборлоштурулган таризде өтүп, 7-августтан баштап бардык оюндар Кант шаарында орун алат. 

Коронавирус инфекциясынын таралышын алдын алуу максатында оюндар көрүүчүлөр жок өткөрүлөт. 

Турнир Кыргыз Спорт Тв каналында онлайн көрсөтүлөт.