Кытай коронавирусу жуккандан кийин оорунун биринчи симптомдору байкалуучу максималдуу инкубациялык мезгил 24 күнгө чейин жетиши мүмкүн. Бул тууралуу дүйнөлүк басылмалар жазып чыгышты.

Маалыматка караганда, Кытайдын 31 провинциясында жана муниципалитетинде жаңы типтеги коронавирус жугуп калуу боюнча 1099 учурга ретроспективдүү иликтөө жүргүзүлгөн. Иликтөө жугуп калуудагы инкубациялык мезгил орточо 3 күн, эң узак мезгил 24 күн экендигин көрсөткөн.

Мындан мурда максималдуу инкубациялык мезгил эки жуманын тегереги деп айтылган. Коронавирустун жаңы тиби чакырган пневмония анын алып жүрүүчүсү оору байкала электе да айланасындагыларга жугуза ала турганы менен да буга окшогон башка оорулардан таптакыр өзгөчөлөнүп турат.

Эске салсак, пневмонияга окшош оорунун тараганы тууралуу маалымат 2019-жылдын декабрь айынын аягында белгилүү болгон. Вирус башка да өлкөлөргө тароодо, учурда Кытайдан башка дагы 28 өлкөдө коронавирусту жуктуруп алган учурлар катталган.

Кытайдын саламаттыкты сактоо мамлекеттик комитетинин маалыматы боюнча, 10-февралга караган убакка карата жалпысынан 40 миң 514 киши белгисиз коронавирусту жуктуруп алса, мындан улам каза болгондордун саны 910го жеткен. Ал эми коронавирусту жуктуруп алган 3301 адам айыкканы айтылат.