“Кыргызгидрометтин билдирүүсү боюнча, бүгүн, 2020-жылдын 19-июлунда жакынкы 1 саат аралыгында жана кечинде Бишкек шаарында жана Чүй өрөөнүндө ылдамдыгы секундасына болжол менен 15-20 метрге жеткен шамал катталышы мүмкүн.

Бул тууралуу ӨКМнын басма сөз кызматы маалымат таратып, аталган аймактын тургундарын сак болууга чакырды.