Учурда парламенттик шайлоого үгүт иштери активдүү жүрүп жатат. Бул тууралуу “Мекеним Кыргызстан” партиясынан депутаттыкка талапкер Тариел Жоробеков социалдык тармагына жазып чыкты.

Бул шайлоо элдин эртеңи үчүн өтө маанилүү, себеби шайлоодо элибиз татыктуу партияны тандап алуусу керек. Биздин саясий партия билимдүү, энергиялуу жаштардан жана тажрыйбалуу саясатчылардан куралган. Бул курам учурдун талабы, жаштардын күчү менен тажрыйбанын айкалышы.

Мен дагы ушул команда менен тагыраак айтканда “Мекеним Кыргызстан” саясий партиясы менен Парламенттик шайлоого аттанып жатам. Эл колдоп Жогорку Кеңешке шайланып калсак, эл камы үчүн талбай аракет кылууга даярбыз! Шайлообуз ынтымакта тынч өтүп, эл татыктуусун тандап алуусу үчүн ар бирибиз аракет кылуубуз абзел! – дейт  “Мекеним Кыргызстан” партиясынан депутаттыкка талапкер Тариел Жоробеков.

Депутаттыкка талапкер Тариел Жоробеквдун өмүр баяны:

1996-1998-ж. Талас облустук мамлекеттик вет.борборунда инспектор;

1998-2000-ж. “Жанкарач” дыйкан чарбасында жетекчи;

2000-2008-ж. Таш-Арык айылы вет-сервистин башчысы;

2008-2009-ж. Долоно айылдык кеңештин Төрагасы;

2009-2018-ж. Долоно айыл өкмөтүнүн башчысы;

Учурда КР Жогорку Кеңешинин депутаты…

“Мекеним Кыргызстан” партиясы төгөрөгү төп келишкен № 4 – тизмеде!

Буюртма каржы маселелери боюнча ыйгарым укуктуу өкүл Джайчиева Гулбарчин Эр Турсуновна тарабынан «Мекеним Кыргызстан» партиясынын атайын шайлоо фондунун эсебинен каржыланды. Юридикалык дареги: Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары. Турусбеков көчөсү, 109/1. 510-кабинет.