2020-жылдын 25-сентябрь күнү саат 20.00 чамасында Кызыл-Кыя шаарынын Масалиев көчөсүндө Кадамжай районунун 28 жаштагы тургунун жашыл түстөгү “Мерседес-Бенц Спринтер” үлгүсүндөгү 08 KG 861 AAN мамлекеттик номурлуу унаа сүзүп кетип, окуя болгон жерден изин жашырып кеткен.


Бул факты Кызыл-Кыя ШИИБнин КЖБРне Кыргыз Республикасынын Жазык кодексинин 297-берене (Автомототранспорт каражаттарынын кыймылынын жана аларды эксплуатациялоонун коопсуздук эрежелерин бузуу ) менен 266-беренеси (ээнбаштык) боюнча катталып, сотко чейинки өндүрүш иши башталган. Учурда автоунаанын ээсинин өздүгү такталды. Аны кармоо боюнча тиешелүү иш-чаралар жүрүп жатат. Ал эми окуя болгон жерден жараат алган 28 жаштагы жаран жергиликтүү аймактык ооруканага түшкөн. Ал Кадамжай районунун 1992-жылы туулган М.А. экендиги аныкталды. Жараат алган жаранга тийиштүү экспертизалар дайындалган.
Учурда сотко чейинки өндүрүш жүрүп жатат. Бул тууралуу Баткен ОИИБнин басма сөз кызматы билдирди.