Түзүлгөн эпидемиологиялык кырдаалды, Саламаттык сактоо министрлигинин жана жергиликтүү бийлик органдарынын чыгарган чечимдерин эске алып, жаңы окуу жылынын биринчи чейректеги окутуу аралыктан (дистанциондук форматта) уюштурулат.

Кээ бир аймактардагы мектептерде окуу салттуу режимде өтүлүшү мүмкүн. Айрым аймактарда коронавирус илдетинин жайылышы кооптуу эмес деген санитардык-эпидемиологиялык кызматтардын чечими менен мектептерде окуу салттуу режимде өтүлүшү мүмкүн.

“Учурда министрликтин алдында, практик педагогдордон, эксперттерден, билим берүү жаатындагы менеджерлерден турган эксперттик-консультативдик кеңеш иштеп жатат. Методист, педагог жана эксперттерден турган топ видеоконтент түзүп,  келе жаткан окуу жылына   телесабактардын съемкалары башталды. Салттуу режимде сабактарды өткөрүүгө мүмкүндүк алган аймактардагы окуу мекемелери Саламаттык сактоо министрлигинин койгон талаптарын тыкыр аткарууга, системдүү түрдө бардык окуу кааналарын санитардык тазалоого милдеттүү болушат. Ошондой эле санитардык-гигиеналык каражаттардын (тепловизорлор, санитайзерлер, беткап, дезинфекция каражаттардын) болуусун камсыздап, класстарды желдетүүнү, аларды тынымсыз тазалап туруусу зарыл”, – деп билдирди бүгүнкү брифингде Билим берүү жана илим министринин орун басары Надира Жусупбекова.