Республикалык протездик-ортопедиялык буюмдар мекемеси, ушул жылдын 8 айдын ичинде 3039 ден-соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелүү адамдарды тейледи.  Бул тууралуу Эмгек жана социалдык өнүктүрүү министрлиги маалымдайт.

Өткөн мезгилдин ичинде мекеме 2400 түгөй ортопедиялык бут кийим жана 749 протез чыгарган.

Министрликтин маалыматы боюнча, бүгүнкү күндө Республикалык протездик-ортопедиялык буюмдар мекемесинде 13 617 ден-соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелүү адам каттоодо турат. Алардын ичинен: балдар – 5984, Улуу Ата Мекендик согуштун майыптары – 182, бут протездери менен  – 1345 жана кол протездери бар – 312 ден-соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелүү адамдар.